List of active policies
| Name | Type | User consent |
|---|---|---|
| Купуялуулук саясаты | Privacy policy | Аутентифициядан өткөн колдонуучулар |
Summary
Колдонуучу өзүнүн жеке маалыматтарын иштетүүгө макулдук берет. Мындай макулдукту берүү менен ал эркин, өз каалоосу менен жана өз кызыкчылыгы үчүн иш кылган болот.
Full policy
Ушул Макулдашууга макул болуу менен жана Библиялык миссиянын сайтында (мындан ары --- Сайт) онлайн-каттоо формасын толтуруу аркылуу өз маалыматтарын калтыруу менен Колдонуучу:
- өзү көрсөткөн жеке маалыматтар жеке өзүнө таандык экендигин ырастайт;
- ушул Макулдашуу жана анда камтылган сайттагы онлайн-каттоо формасында көрсөтүлүүчү жеке маалыматтарын иштетүү шарттары менен кунт коюп жана толугу менен таанышып чыккандыгын мойнуна алат жана ырастайт;
- ушул Макулдашуунун бардык жоболору жана өзүнүн жеке маалыматтарын иштетүү шарттарын түшүнгөнүн мойнуна алат жана ырастайт;
- Сайтта каттоодон өтүү максатында, өзү берген жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдугун берет;
- жеке маалыматтарды иштетүү шарттарына эч кандай эскертүүлөрсүз жана чектөөлөрсүз макулдугун билдирет.
Колдонуучу өзүнүн жеке маалыматтарын иштетүүгө макулдук берет. Мындай макулдукту берүү менен ал эркин, өз каалоосу менен жана өз кызыкчылыгы үчүн иш кылган болот.
Колдонуучунун жеке маалыматтарды иштетүүгө берген макулдугу так, маалымдалган жана эстүү болуп саналат.
Колдонуучу менен түзүлгөн макулдашуу төмөнкү жеке маалыматтарды иштетүүгө карата колдонулат:
- фамилиясы, аты, атасынын аты;
- дареги;
- телефон номурлары;
- электрондук почта даректери (E-mail).
Колдонуучу Сайтка жеке маалыматтар менен төмөнкү иш-аракеттерди жүргүзүү укугун берет:
- чогултуу жана топтоо;
- сактоо;
- тактоо (жаңыртуу, өзгөртүү);
- Колдонуучуну Сайтта каттоо максатында пайдалануу.
Аталган макулдашуу маалыматтар берилген учурдан тартып мөөнөтсүз иштейт. Сиз каалаган убакта Сайттын администрациясына арыз жазып, аны жокко чыгара аласыз.
Жеке маалыматтарды иштетүүгө болгон макулдукту жокко чыгаруу Колдонуучу тарабынан Библиялык миссиянын электрондук дарегине жөнөкөй жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.