Печатать книгуПечатать книгу

Окуу процесси

Окуу процесси

Сайт: Заочная Библейская школа
Курс: Заочная Библейская школа
Книга: Окуу процесси
Напечатано::
Дата: Четверг, 25 Апрель 2024, 20:34

Кымбаттуу студенттер!

Силерге Теңирибиз Ыйса Машайактын сүйүүсү менен салам айтам!

Муди атындагы Библиялык институттун атынан Библиялык миссиянын Интернет-мектебиндеги окууңуздун башталышы менен куттуктагым келет.

Муди атындагы Библиялык институт Ыйса Машайакка кылган кызматы, Анын Жыйынынын алдындагы жоопкерчилиги жана адамдарга Библияны окуп-үйрөнүүдө берген жардамы менен белгилүү. Биз алдына ушундай эле максаттарды койгон Библиялык миссия менен кызматташа алганыбызга өзгөчө кубанычтабыз. Сиздин Кудайды Анын Сөзү аркылуу терең таанууга болгон умтулууңузду биз биргелешип колдогубуз келет.

Мындай мектептин ачылышы биздин кызматкерлердин эле эмес, бул кызматка материалдык жактан колдоо көрсөткөн көптөгөн адамдардын сыйынууларынын аркасында мүмкүн болуп отурат. Окуу сизге мол бата алып келет деген үмүттөбүз.

Машайактын сүйүүсү менен
Жозеф М.Стоуэл,
Муди атындагы Библиялык институттун Президенти



Кымбаттуу студенттер!

Эң уникалуу китеп  болуп эсептелген Библияны окуп-үйрөнүү - өзгөчө артыкчылык. Уникалдуу дегенибиздин себеби, Кудай бул китепте өзүнүн эркин жана адам баласы жөнүндөгү ой-мүдөөсүн ачып берген. Артыкчылык дегенибиздин себеби мындай мүмкүнчүлүккө бардык эле адамдар ээ эмес. Окугуңуз келгенин билдирип, туура чечим чыгардыңыз. Библиялык миссиянын кызматкерлери сиздин Кудай Сөзүн терең окуп-изилдөө аркылуу Кудайды таанып-билүүңүз, момундугуңуз, Жакшы Кабарды башка адамдарга жеткирүүгө болгон каалооңуз артышы үчүн сыйынышат.

Чикагодогу Муди атындагы Библиялык институтка окуу материалын бергендиги үчүн ыраазычылык билдиргим келет, ошондой эле бул окуу материалы сизге жетиши үчүн аракетин жумшагандардын баарына ыраазымын.

Кудай Сизге өзүнүн Сөзүн окуп-изилдөөңүзгө батасын берсин.

Терең урматтоо менен
Павел Гагельганс


© by The Moody Bible Institute of Chicago
© русского издания: Библейская миссия
    (Bibel-Mission e.V., Postfach 1130, 63842 Niedernberg, Germany)

Бардык курстардын тизмеси

Модулдардын аталышы Курстардын аталышы
Ишенимдин негиздери Машайакчылык ишеним жолундагы биринчи кадамдар
  Библиялык доктриналар 
  Жакшы Кабар  
  Библия мындай дейт  
   
Машайактын жана Анын Жыйынынын жашоосу Ыйса Машайактын жашоосу
  Матай жазган Жакшы Кабар  
  Жакан жазган Жакшы Кабар
  Элчилердин иштери
  Аян китеби 
   
Практика жүзүндөгү машайакчылык Ыйык жашоо
  Сенин жашооң үчүн Кудайдын эрки
  Жакшы Кабарды ийгиликтүү таратуунун принциптери
  Натыйжалуу окутуу
  Окуучуларды кантип түшүнүү керек
  Культтар
Библияга киришүү Байыркы Келишимге обзор. 1- бөлүк 
  Байыркы Келишимге обзор. 2-бөлүк  
  Жаңы Келишимге обзор. 3-бөлүк 
  Библиядагы пайгамбарчылыктар  
   
Байыркы Келишимдин китептери Башталыш
  Мисирден чыгуу
  Нун уулу Жашыя  
  Башкаруучулар жана Рут китеби 
  Забур
  Накыл сөздөр
  Ышайа
  Даниел китеби 
 
Жаңы Келишимдеги каттар Жакыптын каты   
  Петирдин каттары 
  Римдиктерге жазылган кат  
  Корунттуктарга жазылган 1-кат
  Галатиялыктарга жазылган кат  
  Эфестиктерге жазылган кат  
  Тесалоникалыктарга жазылган каттар
  Эврейлерге жазылган кат
   

Техникалык шарттар

Биздин мектебибизде окуу үчүн Сиз интернет аркылуу үзгүлтүксүз туташып турушуңуз керек. Ыкчам туташуу сөзсүз эле зарыл эмес, анткени сабактар китеп формасында түзүлгөн. Системалуу платформага киришүү үчүн видео-сабак берилген, ошондой эле айрым курстарда видеоматериал бар, аларды көрүү үчүн ыкчам туташуунун артыкчылыгы зор.

Административдик шарттар

Биздин Библиялык Сырттан окуу мектебибизде Библияны окуп-үйрөнүүнү каалаган ар бир адам: Жыйындардын кызматчылары, жаштар жетекчилери, “тажрыйбалуу” машайакчылар же Кудайга жаңы кайрылгандар, ошондой эле Кудайды издеген адамдар окуй алышат. Окууну каалаган ар бир адам сайтка, андан соң окугусу келген ар бир курска катталышы керек. Каттоо барагында бош орундар коюлган, аларды сөзсүз толтуруу керек, алар “кызыл жылдызча” - * менен көрсөтүлгөн.

Биздин сайтта катталуу аркылуу Сиз биздин материалыбызды жеке өзүңүз гана колдонууга макулдук берген болосуз. Автордук укуктар бузулган учурда административдик, кылмыш жана граждандык жоопкерчиликке тартуу чаралары көрүлгөн. Библиялык миссияга Библиялык курстарды колдонуу укугу Муди атындагы Библиялык институт (MoodyBibleInstitute, USA) тарабынан берилген.

Мектептин эрежелери

Студенттер төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • мектептин ушул эрежелерин сактоого;
  • башка студенттердин көз караштары менен пикирлерин сыйлоого;
  • чөйрөсүндө өзүн Машайак үлгү көрсөткөндөй алып жүрүүгө;
  • башталган курсту үч ай аралыгында бүтүрүүгө.

Студенттерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • форумда, чатта же курстун башка катышуучулары менен жекече мамилелешкенде башкаларды шылдыңдаган же уятсыз сөздөрдү колдонууга;
  • автордук укуктарды бузууга, курстардын материалдарын мыйзамсыз түрдө жайылтууга же өзгөртүүгө.

Бул эрежелерди кандай бузганына жараша студентке эскертүү берилет же ал мектептен чыгарылышы мүмкүн.

60 күн ичинде активдүүлүк көрсөтпөгөн студент автоматтык түрдө  курстан алынып ташталат.

Окутуунун баасы

Библиялык Сырттан окуу Мектебин камсыз кылуу көптөгөн финансылык чыгымдарды талап кылат. Азыркы учурда мектеп адамдардын өз каалоосу менен берген курмандыктарынын гана эсебинен каржыланып жатат, бул окууну каалаган ар бир адамдын окушуна мүмкүнчүлүк түзүүдө. Бир студенттин бир курсту окуусуна Библиялык миссия орто эсеп менен 30 евро жумшайт.

Материалдык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша курмандык бере алчулардын баарына терең ыраазы болмокчубуз.

Курсту окууга жумшалган убакыт

Орто эсеп менен алганда бир сабакты окууга бир жума бөлүнөт. Биз студентти шашылбоого чакырабыз, бирок ар бир сабакты Ыйык Жазуудан алынып сунушталган тексттердин баарын көңүл коё карап, мүмкүн болушунча толук окуп чыгуусун суранабыз. Ар бир студент бир жумада канча убакытты окууга бөлө аларына жараша өзүнүн окуу графигин өзү түзөт.

Экзамендерди аткаруу

Ар бир сабакта, текст түрүндө берилген материалдан кийин экзамен орун алган, аларды аткаруу керек.

Маанилүү нерсе! Сабактын материалын жакшы билериңизге жана бардык суроолорго жооп бере аларыңызга көзүңүз жеткенден кийин гана экзаменге киришиңиз. Экзаменди аткаруу учурунда окуу материалын карабашыңыз керек.

Экзамендин бардык тапшырмаларын аткаргандан кийин, «Баарын жөнөтүү жана тестти бүтүрүү» дегенди басыңыз. Ушундан кийин экрандын бетине экзамениңиздин жыйынтыгы чыгат. Эгерде экзаменде "Эссе" деген тапшырма бар болсо, анын баасын инструктор сиздин жообуңузга баа койгондон кийин биле аласыз.

Экзамен бир нече бөлүктөн турушу мүмкүн:
Биринчи бөлүктө ырастоолор камтылган, аларга макул экениңизди же макул эмес экениңизди көрсөтүлгөн менюдагы “туура” же “туура эмес” деген сөз менен билдиресиз.
Экинчи бөлүк бир же бир нече жоопту болжолдогон суроолордон турат, ал жоопторду сунуш кылынган тизменин ичинен тандап алуу керек.

Yчүнчү бөлүктө дал келишүүнү текшерүү боюнча суроолор камтылган, андан эки колонканын ортосундагы дал келишүүнү табуу зарыл (мисалы, текстке карата Ыйык Жазуудан аят тандоо).

Төртүнчү бөлүктө бош орундары бар текст камтылган, ал бош орундарга менюдан тиешелүү сөздү же фразаны коюу керек.

Бешинчи бөлүктө чыгармачыл тапшырма (эссе) камтылышы мүмкүн, ал жерде сиз өз алдыңызча бир нече сүйлөмдөн турган кыска жооп жазышыңыз керек болот.

Бардык тапшырмаларды аткарып, экзаменди жөнөтөрүңүз менен, анын жыйынтыгын дароо эле көрө аласыз, анткени эсседен башка бардык тапшырмаларга бааны компьютер өзү коёт. Эссеңиздин баасын жана ага карата комментарийди кийинчерээк, инструкторуңуз аны окуп, баалагандан кийин көрө аласыз.

Студенттин ишин баалоо

Курстун жалпы баасы өтүлгөн бардык сабактарга коюлган бааларга негизденип коюлат. Курстан курска өтүүнүн минималдуу баллы 69 баллды түзөт (D).

Сабактан сабакка өтүү баллы 61 балл (E).

Экзаменге баа коюу автоматтык түрдө ишке ашат, ошондуктан экзамениңиздин жыйынтыгын экзаменди бүтүрөр замат көрө аласыз.

Төмөндө баа коюу таблицасы берилген:

Баллдар Баа Обозначение
100 - 93 А Эң жакшы
92 - 85 В Жакшы
84 - 77 С Канааттанарлык
76 - 69 D Жетишерлик
68 - 61 E Жетиштүүрөөк
60 - 0 F Канааттанарлык эмес