Печатать эту главуПечатать эту главу

Окуу процесси

Кымбаттуу студенттер!

Силерге Теңирибиз Ыйса Машайактын сүйүүсү менен салам айтам!

Муди атындагы Библиялык институттун атынан Библиялык миссиянын Интернет-мектебиндеги окууңуздун башталышы менен куттуктагым келет.

Муди атындагы Библиялык институт Ыйса Машайакка кылган кызматы, Анын Жыйынынын алдындагы жоопкерчилиги жана адамдарга Библияны окуп-үйрөнүүдө берген жардамы менен белгилүү. Биз алдына ушундай эле максаттарды койгон Библиялык миссия менен кызматташа алганыбызга өзгөчө кубанычтабыз. Сиздин Кудайды Анын Сөзү аркылуу терең таанууга болгон умтулууңузду биз биргелешип колдогубуз келет.

Мындай мектептин ачылышы биздин кызматкерлердин эле эмес, бул кызматка материалдык жактан колдоо көрсөткөн көптөгөн адамдардын сыйынууларынын аркасында мүмкүн болуп отурат. Окуу сизге мол бата алып келет деген үмүттөбүз.

Машайактын сүйүүсү менен
Жозеф М.Стоуэл,
Муди атындагы Библиялык институттун Президенти



Кымбаттуу студенттер!

Эң уникалуу китеп  болуп эсептелген Библияны окуп-үйрөнүү - өзгөчө артыкчылык. Уникалдуу дегенибиздин себеби, Кудай бул китепте өзүнүн эркин жана адам баласы жөнүндөгү ой-мүдөөсүн ачып берген. Артыкчылык дегенибиздин себеби мындай мүмкүнчүлүккө бардык эле адамдар ээ эмес. Окугуңуз келгенин билдирип, туура чечим чыгардыңыз. Библиялык миссиянын кызматкерлери сиздин Кудай Сөзүн терең окуп-изилдөө аркылуу Кудайды таанып-билүүңүз, момундугуңуз, Жакшы Кабарды башка адамдарга жеткирүүгө болгон каалооңуз артышы үчүн сыйынышат.

Чикагодогу Муди атындагы Библиялык институтка окуу материалын бергендиги үчүн ыраазычылык билдиргим келет, ошондой эле бул окуу материалы сизге жетиши үчүн аракетин жумшагандардын баарына ыраазымын.

Кудай Сизге өзүнүн Сөзүн окуп-изилдөөңүзгө батасын берсин.

Терең урматтоо менен
Павел Гагельганс


© by The Moody Bible Institute of Chicago
© русского издания: Библейская миссия
    (Bibel-Mission e.V., Postfach 1130, 63842 Niedernberg, Germany)