Окуу процесси кандай жүрөт?
Окуу онлайн режимде өтөт. Качан жана кайсы жерде окууну өзүңүз пландаштырасыз. Өзүңүзгө ыңгайлуу болгон окуу тартибин тандап алыңыз. Биз бул үчүн атайын туруктуу убакыт бөлүүнү жана тынч жер табууну сунуштайбыз.
Ыйык Китеп боюнча курстарды кантип баштоо керек
Катталыңыз
Катталыңыз биздин сайтта.
Курска жазылыңыз
«Курстар» деген баракчага кириңиз. Курсттардын сүрөттөмөлөрү менен таанышыңыз жана өзүңүзгө ылайыктуусун тандаңыз.
Маанилүү! Биздин сайтка катталуу менен, сиз мектептин материалдарын жеке максатта гана колдонууга макулдугуңузду берген болосуз. Автордук укуктарды бузгандык үчүн административдик, кылмыш-жаза жана жарандык жоопкерчилик чаралары каралган. Ыйык Китептик курстарды колдонуу укугу Библиялык миссияга Муди атындагы Ыйык Китептик институт (Moody Bible Institute, USA) тарабынан берилген.
Окууга канча убакыт бөлүшүм керек?
Биз жумасына бир сабактан окууну сунуштайбыз. Бул сиздин ашыкча күч келтирбей, бир калыпта алдыга жылууңузга шарт түзөт. Биз окуучуларды шашпоого, тескерисинче, сунушталган Ыйык Жазуунун бардык тексттерин кунт коюп окуп, ар бир сабакты мүмкүн болушунча терең жана ар тараптуу изилдөөгө чакырабыз.
Курстарда эмне камтылган?
Ар бир курс сабактардан жана сынактардан турат. Курстагы сабактардын саны 6дан 24кө чейин болушу мүмкүн. Сабактардын саны ар бир курстун сүрөттөмөсүндө көрсөтүлгөн. Ар бир сабак сынак менен аяктайт. Курстун сабактарына кирүү мүмкүнчүлүгү ырааттуу түрдө ачылат. Сиз бир сабакты окуп, сынак тапшырасыз жана кийинки сабакка өтүүгө уруксат аласыз.
Сабактын материалын жакшы өздөштүргөнүңүзгө жана бардык суроолорго жооп бере аларыңызга толук көзүңүз жеткенден кийин гана сынакты баштаңыз. Сынакты тапшырып жаткан учурда окуу материалын ачып карабашыңыз керек.
Сынактын бардык тапшырмаларын аткарып бүткөндөн кийин, "Бардыгын жөнөтүү жана сынакты аяктоо"баскычын басыңыз. Бул аракеттен кийин экранда сынагыңыздын жыйынтыгы пайда болот. Эгерде сынакта «эссе» сыяктуу тапшырма болсо, анын баасын инструктор сиздин жообуңузду текшерип, баалагандан кийин биле аласыз.
Сынак төмөнкүдөй ар кандай түрдөгү тапшырмаларды камтышы мүмкүн:
- Ырастоолор: сиз алар менен макул же макул эмес экениңизди билдирип, ачылуучу менюдан "туура" же "ката".
- Суроолор: сунушталган тизмеден бир же бир нече туура жоопту тандоо керек болгон суроолор.
- Тапшырмалар: эки элементтин ортосундагы байланышты табуу керек болгон тапшырмалар (мисалы, аяттын текстине карап Ыйык Жазуудагы даректи табуу же сүрөттөрдү бири-бирине дал келтирүү).
- Бош орундары бар тексттер: ачылуучу менюдан тиешелүү сөздү же сөз айкашын тандап, тексттеги бош орундарга коюу керек болгон тапшырмалар.
- Чыгармачылык тапшырмалары (эссе): мындай учурда сиз бир нече сүйлөмдөн турган кыскача жоопту өз алдыңызча жазышыңыз керек болот.
Бардык тапшырмаларды аткарып, сынакты жөнөткөндөн кийин, анын жыйынтыгын дароо көрө аласыз, анткени эсседен башка бардык тапшырмалар компьютер тарабынан автоматтык түрдө бааланат. Ал эми эссеңиздин баасын жана ага карата жазылган пикирди кийинчерээк, сиздин инструкторуңуз аны окуп чыгып, баалагандан кийин көрө аласыз.
Ыйык Китепти акысыз изилдөө — биздин принцип
Онлайн Ыйык Китеп мектебин иштетүү чоң каржылык чыгымдарды талап кылат. Ыйык Китепти акысыз үйрөтүү принцибибизди сактоо менен бирге, биз окуучуларды мүмкүнчүлүгүнө жараша бизге материалдык жактан колдоо көрсөтүүгө чакырабыз.
Ай сайын өзүңүз күчүңүз жеткен сумманы тартуу кылууну адатка айлантыңыз. Көлөмү чакан болсо да, туруктуу түрдө берилген тартуулар бизге сайтты тейлөө жана жакшыртуу боюнча алдыдагы иштерибизди пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет