Библиялык миссиянын онлайн Ыйык Китеп мектебинин окуу платформасындагы куралдардын жардамы менен окуу процесси кандай жүргүзүлөт

 



Биздин окуу платформабыздын куралдары сизге төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:

 
  1. Курсту тандап, аны окуу үчүн өзүңүз чакырган адамдардан турган окуу тобун түзүү; 
  2. Тобуңуздун ар бир мүчөсүнүн жетишкендигин жана окуусунун ылдамдыгын көзөмөлдөп туруу; 
  3. Тобуңуз менен кат жазышып туруу жана аларды сиз каалаган ылдамдыкта окууга шыктандыруу; 
  4. Жабык форум (талкуу аянтчасын) түзүү, талкуулана турган суроолорду түзүү жана сиз сунуштаган суроо боюнча топту талкууга тартуу; 
  5. Теманы дагы да тереңирээк изилдөө үчүн тобуңузга өзүңүздүн каалооңуз боюнча кошумча тапшырмаларды берүү; 
  6. Өтүлгөн материалды талкуулоо үчүн өз тобуңузда вебинарларды (онлайн конференцияларды) өткөрүү (бул техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн үстүндө биз учурда иштеп жатабыз).



Бул куралдар эмне үчүн маанилүү?

 

Биз Кудай Сөзүн изилдөөнүн канчалык маанилүү экенин түшүнөбүз жана өзүбүздүн миссиябызды адамдарга Кудайды Анын Сөзү аркылуу таанып-билүүгө жардам берүүдөн көрөбүз. Мектептин куралдары лидерге топтун мүчөлөрүн Ыйык Жазууну изилдөөгө багыттаганга жана аларды шыктандырганга жардам берет. Ошондой эле, белгилүү бир деңгээлдеги көзөмөл жана жоопкерчилик малаякчыларга дагы да тартиптүү жана жоопкерчиликтүү болгонго түрткү берет.



Библиялык миссиянын онлайн Ыйык Китеп мектебинин окуу платформасында билим алуунун артыкчылыктары:

 
  • сапаттуу ыйык китептик материалдар;
  • окутуу үчүн толук даярдалган платформа;
  • кызматчы топту даярдоого жана жетектөөгө минималдуу убакыт жана күч жумшайт;
  • жаштардын окуунун жаңы форматтарына болгон кызыгуусу;
  • социалдык тармактарда көп убакыт өткөргөндөрдү окууга тартуу мүмкүнчүлүгү;
  • Ыйык Китепти изилдөө боюнча чакан топторго келгенге убактысы такыр жок, колу бош эмес адамдарды окууга тартуу мүмкүнчүлүгү.


Платформада топ менен чогуу окууну кантип баштоо керек?   fa fa-long-arrow-right