Платформада топ менен чогуу окууну кантип баштоо керек?

 
  • 20 жашка толгон же андан улуу болуу керек.
  • Жергиликтүү жыйындын жашоосуна жана кызматтарына катышуу керек.
  • Кызыктырган онлайн курсту көз жүгүртүп карап чыгуу керек.
  • Инструктор болуу үчүн  анкетаны толтуруу керек.
  • Жергиликтүү жыйындын кызматчыларынан оозеки же жазуу жүзүндө бата алуу керек (биз сунушубуздун маанисин кеңири түшүндүрүү үчүн багуучуңуз менен байланышышыбыз керек болот).
  • Окуу тобун түзүү керек.
  • Топту жетектөө үчүн пайдалуу куралдар менен таанышуу үчүн атайын үйрөтүүдөн өтүү керек.



Топту түзүү

 
  • багуучунун макулдугун алгандан кийин (эгер сиз өзүңүз багуучулук кызмат кылбасаңыз), биз сизден өзүңүз Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берүүнү каалаган адамдарды (үч же андан көп адамды) биздин сайтка катталууга чакырууңузду өтүнөбүз;
  • Алар сайтка катталгандан кийин, биз алардан окуу тобун түзөбүз. Сиз болсо аларды инструктор (үйрөтүүчү) катары жетектейсиз.



Атайын үйрөтүү

 

Окуучу катары сиз биздин сайттын иштөө принциби менен мурунтан эле тааныш болосуз, ошондуктан кошумча үйрөтүү көп убакытты албайт. Биз сизге инструкторго (үйрөтүүчүгө) гана жеткиликтүү болгон айрым маанилүү куралдарды көрсөтүп беребиз.


Эгерде сизде суроолор калган болсо, биз менен байланышыңыз: vbaranov@biblemissions.org (Баранов Виктор)