Библиялык миссиянын Сырттан окутуучу Ыйык Китеп Мектебинин (СЫКМ) алгачкы жети курсу (1995)

Өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында биз Библиялык миссиянын сырттан окутуучу Ыйык Китеп мектеби катары өз ишибизди баштаганбыз. Биздин негизги максатыбыз — каалаган ар бир адамга Ыйык Китепти изилдөөнү жана аны жашоодо иш жүзүндө колдонууну үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берүү.
1991-жылы биз беш курсту редакциялап, басмага даярдадык. 1992-жылдын жайында бир нече жүздөгөн адам курстарды окуп жаткан болсо, бир жылдан кийин алардын саны 2 миңден ашкан. Кудайдын Сөзүн изилдөөгө болгон кызыгуу абдан чоң эле!
1997-жылы 7 миңден ашуун адам Ыйык Жазууну изилдеп жатты.
2001-жылга карата биз Муди атындагы Ыйык Китеп институту тарабынан берилген 18 курсту окуучуларга сунуш кылдык. Дал ошол убакта биз бул курстарды Борбордук Азия элдеринин тилдерине: кыргыз, казак, тажик, өзбек, каракалпак жана түркмөн тилдерине которо баштаганбыз.
2005-жылы ири Жакшы Кабар таратуу долбоорунун алкагында биз «Машаякчылык ишенимдеги алгачкы кадамдар» аттуу курсту даярдадык. Ошол эле жылы 5 миңден ашуун адам бизге кат жазып, бул курсту жиберүүбүздү суранышты.
2010-жылдан баштап биз курстарды румын, украин жана немис тилдерине которо баштадык. Библиялык миссия кызмат кылган жылдарда бизге Ыйык Китепти изилдөөнү каалаган 63 миңден ашуун адам кайрылды.
Бүгүнкү күндө биз Библиялык миссиянын Ыйык Китепти изилдөө платформасы катары өз кызматыбызды онлайн жана офлайн форматтарында жүргүзүп жатабыз. Азыр Ыйык Китепти изилдөө үчүн 9 тилде 30дан ашык курсту сунуштайбыз. Ушунча убакыттын ичинде биз бир нерсени так көрдүк: Теңирибиз Өз ишин жасап жатат, ал эми бул эмгекке катышуу биз үчүн чоң сыймык!
Сиз Ыйык Китеп мектебинин тарыхынан алынган сүрөттөрдү көрсөңүз болот: