Биздин ишенимибиз

 

Биз, Ыйык Жазуунун бардыгы Кудай Өз Рухунун жетеги менен жаздырган, кемчиликсиз, жетиштүү жана эң жогорку, талашсыз бийликке ээ болгон Сөз экендигине ишенебиз.

Биз үч инсандыгы бар (Ата, Уул жана Ыйык Рух) жалгыз, чыныгы, түбөлүктүү Кудайга ишенебиз.

Биз Ыйса Машаякка ишенебиз. Ал – күнөөсүз бойго бүтүү аркылуу чыныгы адам болуп келген, жер үстүндө күнөөсүз өмүр сүргөн, Голгофанын айкаш жыгачында Өз өмүрүн биздин ордубузга Кудайга жаккан Курмандык катары берген, үчүнчү күнү өлүмдөн тирилген, жаңы денеде асманга көтөрүлгөн жана азыр Кудайдын оң жагында биздин Арачыбыз катары отурган түбөлүктүү Кудай.

Биз Ыйык Рухка ишенебиз. Ал адамдардын күнөөлөрүн ашкерелеп, чыныгы ишенимге багыттайт жана алардын ичинде жогорудан төрөлүүнү ишке ашырат. Ал ишенүүчүлөрдү Машаяктын денесине кошот, мөөр басат, ыйыктайт жана алардын ичинде жашап, аларды өзгөчө кызматка чакырат жана жиберет.

Биз , Кудай адамды Өзүнүн бейнеси боюнча жараткандыгына, ал эми адам Кудайга каршы билип туруп күнөө кылып, муну менен өзүн жана өзүнүн урпактарын денелик жана рухий өлүмгө дуушар кылгандыгына ишенебиз.

Биз, адам өз күчү менен куткарыла албастыгына, бирок биздин күнөөлөрүбүз кечирилиши үчүн айкаш жыгачта өлгөн Ыйса Машаякка болгон ишеним аркылуу гана куткарыла аларына ишенебиз.

Биз, Ыйык Китепке ылайык келген жергиликтүү жыйын өз ара баарлашуу, Кудайдын Сөзүн изилдөө, биргелешип сыйынуу жана табынуу, ишенимде бекемделүү жана бири-бирине жардам берүү үчүн дайыма чогулуп турарына ишенебиз.

Биз, сууга чөмүлдүрүлүү ишеним аркылуу келген куткарылуунун символу экендигине ишенебиз. Чөмүлдүрүү аземи сууга толук чөмүлтүү аркылуу ишке ашырылат.

Биз, Теңирдин Кечки тамагы (нан сындыруу) Ыйса Машаяктын бизди күнөөдөн куткаруучу курмандыгынын символу экендигине, ошондой эле Ал тарткан азаптарды, Анын өлүмүн жана биздин кечирилгенибизди эске салып турарына ишенебиз.

Биз, бардык чыныгы ишенгендер асманга көтөрүлүп, Ыйса Машаяктын тактысынын алдында өздөрүнүн ишеними үчүн жооп берерине жана ал жерде кылган иштерине жараша сыйлыктарын аларына ишенебиз.

Биз ишенбегендер түбөлүккө каргышка калып, тозокко кетерине жана ал жактан артка кайтуу жок экендигине ишенебиз.