Ыйык Китептин окутуулары
Бул курста машаякчылык ишеним тууралуу окутуунун 10 негизги пункту каралат. Анда эң жөнөкөй түшүнүктөр да, Ыйык Жазуунун окутууларына болгон теологиялык көз караштар да баяндалган. Курс окуучудан шашпай, терең ой калчап изилдөөнү талап кылат. Бул курсту жаңыдан ишенимге келген машаякчылар, көп жылдык тажрыйбасы бар ишенүүчүлөр жана азырынча машаякчылык окутууга кызыгып гана жүргөндөр окуса болот.
Ыйса Машаяктын өмүрү
Ыйса Машаяк – тарыхтагы эң таң калыштуу Инсан. Анын окутуусу миллиондогон адамдардын жашоосун өзгөрткөн. Куткаруучунун өмүрүн ийне-жибине чейин изилдөө машаякчыны кубанычка жана жан аябастан кызмат кылууга шыктандырат. Эгерде сиз өзүңүздү Машаяктын жолдоочуларынын катарына кошпосоңуз, анда Анын өмүрү менен таанышуу сизди жашооңуздагы эң маанилүү чечимди кабыл алууга түрткү берет.
Башталыш китеби
Башталыш китеби – ааламдын жана адамзаттын келип чыгышы жөнүндө Жаратуучунун Өз оозунан айтылган баян! Бул китепте сиз алгачкы күнөө жана анын бүткүл жаратылышка тийгизген кыйратуучу таасири тууралуу биле аласыз. Ошондой эле Кудайдын куткаруу планы жөнүндө алгачкы жолу сөз кылынат. Ыйык Жазуунун биринчи китебин изилдөө биз жашап жаткан дүйнө тууралуу эң негизги билимдерди берет.
Жакан жазган Жакшы Кабар
Жакшы Кабардын жазылуу максаты мындай сөздөр менен билдирилет: «Булар болсо Ыйсанын Кудайдын Уулу, Машайак экенине ишенишиңер үчүн жана ишенип, Анын ысымы аркылуу өмүргө ээ болушуңар үчүн жазылды» (Жакан 20:31). Элчи Жакан бир эле учурда жакшы кабарды жайылтуу жана ишенимди коргоо максаттарын көздөп, Машаяктын өмүр баянын түзгөн. Бул курс муну даана көрүүгө жана түшүнүүгө жардам берет.
ПАлгачкы кадамдар
Бул курс Кудайды дагы эле издеп жүргөндөргө же машаякчылык ишенимде алгачкы кадамдарын жаңыдан таштап жаткандарга багытталган. Бул курста сиз машаякчылык ишенимдин негизги жоболорун карап чыгып, Машаяктын жолун кантип жолдоо керектиги тууралуу иш жүзүндөгү кеңештерди аласыз. Машаякчылык менен жаңыдан тааныша баштагандардын бардыгына окууну дал ушул курстан баштоону сунуштайбыз.