Күнүмдүк турмуштагы машаякчылык

 
 

Ыйык Жазууну жаттоо

Курстун категориясыКүнүмдүк турмуштагы машаякчылык

Курстун максаты Кудайдын Сөзү күнүмдүк машаякчылык турмуштагы маселелерди чечүүдө кантип абдан маанилүү ачкыч боло аларын көрсөтүү болуп саналат. Курс тынч убакыт өткөрүү, Машаяк жөнүндө күбөлөндүрүү, азгырыктарды жеңүү жана башка ишенүүчүлөргө жардам берүү сыяктуу темаларды камтыйт. Ошондой эле, Ыйык Китептин аяттарын эске тутуу боюнча иш жүзүндөгү колдонмо берилген.

 

Иш жүзүндө Жакшы Кабар таратуу

Курстун категориясыКүнүмдүк турмуштагы машаякчылык

Бул курста Жакшы Кабар таратуунун пайдубалдык маселелери каралат. Биз Жакшы Кабар таратуучунун жашоосун жана кызматын терең түшүнүү, жакшы кабарчылар туш болгон негизги көйгөйлөр жана аларды жеңүүнүн жолдору тууралуу сүйлөшөбүз. Сиз мындан жекече Жакшы Кабар айтуу үчүн да, жыйында Жакшы Кабар таратуу кызматын уюштуруу үчүн да иш жүзүндөгү пайдалуу кеңештерди таба аласыз.

 

Кудайдын сенин жашооңо болгон эрки

Курстун категориясыКүнүмдүк турмуштагы машаякчылык

Бул курс машаякчынын жашоосу кандай болушу керектигин жана Ыйык Китепте бизге ачылган Кудайдын эркине ылайык жашоо үчүн кандай принциптерди кармануу керектигин түшүнүүгө жардам берет. Сиз өзүңүздүн күнүмдүк иш-аракеттериңизди талдап чыгып, Кудайдын эркин таанып-билүү жолуна түшө аласыз. Алган билимдериңиз күнүмдүк жашооңузда колдонмого айланат.

 

Ийгиликтүү Жакшы Кабар таратуунун принциптери

Курстун категориясыКүнүмдүк турмуштагы машаякчылык

Жекече Жакшы Кабар айтуу – бул бардык ишенүүчүлөр аткара ала турган маанилүү машаякчылык кызмат. Машаякчылар Жакшы Кабар таратууга чакырылган! Бул жөнүндө көп айтылат, бирок иш жүзүндө сейрек аткарылат. Ал эми Жакшы Кабар айтып көрүп, бирок ийгиликсиздикке учураган адамдын көңүлү калып, бул кызматты таштап коёт. Бул курс сизди жекече Жакшы Кабар таратууга шыктандырат жана ага даярданууга жардам берет.

 

Ыйыктыкта жашоо

Курстун категориясыКүнүмдүк турмуштагы машаякчылык

Ыйыктыкта жашоо – Ыйык Китептин эң татаал, бирок ошол эле учурда эң маанилүү темаларынын бири. Көп адамдар машаякчылык ыйыктыкка жетүү алар үчүн мүмкүн эмес деп ойлошот, бирок Теңирибиз машаякчыларды: «Ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын», – деп чакырган (1 Петир 1:16). Ыйыктыкта жашамайынча Теңирдин артынан ээрчүү мүмкүн эмес. Бул курс машаякчылык ыйыктыкта жашоонун негиздерин үйрөтөт.

 

Культтар, 1-бөлүк

Курстун категориясыКүнүмдүк турмуштагы машаякчылык

ПКурстун биринчи бөлүгү теманын киришүүсүн, культтар жөнүндөгү негизги түшүнүктөрдү жана аларга мүнөздүү болгон өзгөчөлүктөрдү камтыйт. Бул курс төмөнкүдөй жалган машаякчылык культтардын тарыхы жана окутуулары тууралуу маалымат берет: Жахабанын Күбөлөрү, «Державная икона Божьей Матери» аттуу Православ Чиркөөсү жана Акыркы Күндүн Ыйыктарынын Жыйыны (мормондор). Ошондой эле, сиз мындан бул культтардын окутууларынын Ыйык Китепке негизделген терең түшүндүрмөсүн таба аласыз.

 

Культтар, 2-бөлүк

Курстун категориясыКүнүмдүк турмуштагы машаякчылык

Курстун экинчи бөлүгү төмөнкү чыгыш культтарынын тарыхы жана окутуулары тууралуу баяндайт: Кришна аң-сезими коому (Общество сознания Кришны), Ошо Раджниш; аралаш (синкретикалык) культтар: Бахаи, Биригүү Жыйыны (Церковь объединения), Акыркы Келишим Жыйыны (Церковь Последнего Завета), необутпарастык; жана оккульттук коомдор: Теософиялык коом. Сиз бул культтардын окутуулары тууралуу Ыйык Китепке негизделген терең түшүнүк таба аласыз. Бул курсту маалымдама катары колдонуп, өзүңүзгө учурда актуалдуу болгон гана темаларды тандап изилдесеңиз болот.