Байыркы Келишимдин китептери

 
 

Башталыш китеби

Курстун категориясыБайыркы Келишимдин китептери

Башталыш китеби – ааламдын жана адамзаттын келип чыгышы жөнүндө Жаратуучунун Өз оозунан айтылган баян! Бул китепте сиз алгачкы күнөө жана анын бүткүл жаратылышка тийгизген кыйратуучу таасири тууралуу биле аласыз. Ошондой эле Кудайдын куткаруу планы жөнүндө алгачкы жолу сөз кылынат. Ыйык Жазуунун биринчи китебин изилдөө биз жашап жаткан дүйнө тууралуу эң негизги билимдерди берет.

 

Мисирден Чыгуу

Курстун категориясыБайыркы Келишимдин китептери

Бул дүйнөгө келе турган Куткаруучу жөнүндөгү Кудайдын убадасынын аткарылышы тууралуу тема Байыркы Келишимде баштан-аяк созулат. Куткаруучу Ысрайыл эли аркылуу келиши керек болчу. Мисирден Чыгуу китебинин максаты дал ушул ысрайылдыктардын кантип эркин элге айланганын, Кудайдын мыйзамын, жыйын чатырынын түзүлүшү жана ыйык кызмат кылуучулук тууралуу көрсөтмөлөрдү кандайча алышканын көрсөтүү болуп саналат.

 

Забурлар

Курстун категориясыБайыркы Келишимдин китептери

Забур китеби – бул сезимдердин, сыйынуулардын жана даңктоо ырларынын Кудайдын шыктандыруусу менен жазылган улуу китеби. Ал адам баласынын жүрөгүнүн ар кандай турмуштук кырдаалдарга болгон жообун чагылдырат. Ошондой эле, Кудайдын элинин өз тарыхындагы ар кандай мезгилдердеги үмүт-тилектерин ачык-айкын сүрөттөйт. Кудайдын балдары ар дайым забурлардан өздөрүн көрө алышкан жана забурчунун сөздөрүн өздөрүнүн баштан кечирген сезимдерине байланыштырып, кайталай алышкан.

 

Накыл Сөздөр

Курстун категориясыБайыркы Келишимдин китептери

Сулаймандын накыл сөздөрү Кудайга ишенбегендер да шилтеме катары келтирген жөнөкөй адамдык акылмандыгы менен гана баалуу эмес. Накыл Сөздөр – Кудайдын адамдарга берилген аянынын Кудайдын Руху тарабынан шыктандырылып жазылган жазмалары. Ыйык Китеп Сулаймандын акылмандыгынын булагы катары Кудайдын Өзүн түз көрсөтөт. Накыл Сөздөрдө сиз бүгүнкү дүйнөдө адам баласында пайда болгон эң татаал суроолорго жооп таба аласыз. Накыл сөздөрдүн баалуулугу – дал ушул Кудай тарабынан берилгендигинде.