Биз тууралуу

Мектептин тарыхы

Библиялык Сырттан окуу мектебинин акыркы 20 жылдагы кызматы – Теңирге болгон ишенимдин жана толук таянуунун жолу. Библиялык Сырттан окуу Мектебинин негизги максаты төмөнкүдөй: Библияны окуп-үйрөнүүнү жана аны жашоосунда колдонууну каалаган ар бир адамга ушул мүмкүнчүлүктү түзүп берүү.

1991-жылы мектепти өнүктүрө баштаганыбызда, бул Кудайдын эрки менен болуп жатканына көзүбүз жеткен. Ушул нерсе бизди шыктандырып, ишеним кадамдарын жасоого эрктүүлүк берген. Колубузда Муди атындагы Библиялык институттун (Чикаго шаары) орус тилинде жазылган, эски версиядагы 5 курсунан башка эч нерсе жок болучу. Бирок ошол аз нерсеге Кудай мол батасын берип, ал көп жемиш берди.

1991-жылы Библиялык Миссиянын кичинекей бөлмөсүндө биз ошол беш курсту редакциялаганбыз, андан соң, 1992-жылдын жайында Алма-Ата (азыркы Алматы шаары, Казакстан.) шаарында биздин биз нече жүз студентибиз бар болуп калды. Бир жыл ичинде бүтүндөй КМШ аймагындагы студенттерибиздин саны 2000ден ашты. Экинчи филиал ачууга абдан муктаж болуп калдык, ал филиал 1993-жылы Омск шаарында ачылды. 1993-жылдан 1997-жылга чейинки убакытта Библиялык Сырттан окуу мектеби   тездик менен өстү.

Колубуздагы беш курска англис тилинен которулган дагы 10 курс кошулду. Дагы үч филиал: 1995-жылы Киевде, 1995-жылы Минскде жана 1997-жылы Москвада ачылды. Ошентип, бир эле учурда 7000 студент Ыйык Жазууну окуп-үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ушул жылдар аралыгында биз Кудайдын бата сунган колдорун дайыма көрдүк. Финансылык кыйынчылыктарга дайыма тушуккан биз ар дайым Кудайдын ишенимдүүлүгүнүн күбөсү болуп жаттык, анткени Кудай эң зарыл нерсени керектүү учурда дайыма жиберип турду.

1998-жылдан 2001-жылга чейинки аралыкта 18 жаңы курс кошулду. Алардын баары Муди атындагы Библиялык институт тарабынан берилди.

Библиялык Сырттан окуу мектебинин тарыхы

1901: Чикаго (Муди атындагы Библиялык институт)

1992: Алматы шаары (БСМдин орус тилиндеги курстары)

1993-1997: Омск, Москва, Киев, Минск

2001-2003: Кыргызстан,  өзбекстан. Кыргыз, казак, тажик,  өзбек жана каракалпак тилдерине которуунун башталышы.

2004-2005: Германия (БСМ Батыш Европада), Тажикстан

2004: "Ыйса Машайактын жашоосу" курсу Интернетте

2010: Түркмөнстан, Молдова

1992-жылдан берки студенттердин жалпы саны: 41 000

2002-2005: Жакшы Кабар таратуу жана окутуп-үйрөтүү боюнча көптөгөн мүмкүнчүлүктөр аркылуу Кудай бизди ишенимдин кийинки кадамдарын жасоого чакырды. Биз БСМдин 5 курсун Борбордук Азиядагы элдердин тилдерине: кыргыз, казак, тажик, өзбек жана каракалпак тилине которо баштадык. Андан ары 2001-жылы Кыргызстанда, 2003-жылы өзбекстанда, 2004-жылы Германияда (Европадагы орус тилдүү адамдар үчүн), 2005-жылы Тажикстанда филиалдар ачылды.

2004-жылдан тартып, 42 өлкөнүн орус тилдүү калкы «Ыйса Машайактын жашоосу» курсун онлайн түрүндө окуп-үйрөнүү үчүн интернетте катталышкан.

2006-2011: 2010-жылдын күзүндө дагы бир филиал Түркмөнстанда ачылган. 12 курс түркмөн тилинде сунуш кылынып, дагы экөө даярдалып жатат. 2010-жылы Молдовада филиал ачылды. Ал жерде азыр 10дон ашуун китеп румын тилинде сунуш кылынууда. БСМдин курстарын которуу улантылып жатат, азыркы учурда 50 дөн ашуун курстун үстүнөн иш жүргүзүлүп жатат.

Бүгүнкү күндө биз кандай жыйынтыктарды көрүп жатабыз? 41 000ден ашуун адам 35 курстун ичинен эң аз дегенде бирөөнү колдонуп, Кудай Сөзүн окуп-үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Курстар 9 тилде: орус, казак, кыргыз, өзбек, тажик, түркмөн, каракалпак, румын жана немис тилдеринде (жакын арадан бери) сунуш кылынууда. Окуу материалы ар кыл кызматтарда: жакшы кабар таратууда, сууга чөмүлдүрүү алдындагы даярдоо сабактарында, кызматчыларды окутуп-үйрөтүүдө, насаат сөзгө даярданууда, тайпаларда Библияны окуп-үйрөнүүдө, жекшембилик мектепте ж.б. колдонулууда. 30дан ашуун улуттагы, ар кыл кесиптеги, ар кыл социалдык статустагы жана курактагы адамдар БСМдин студенттери болуп саналат. КМШда жана анын чегинен сырткары мамлекеттерде алар Кудай Сөзүн окутуунун ийкемдүү графиги боюнча, өзүнө ылайыктуу ылдамдыкта, географиялык абалына жараша окуп-үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул натыйжалар Кудайдын зор батасы деп эсептейбиз.