Биз тууралуу

Ишенимдин символу

Биз бүтүндөй Ыйык Жазуу Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган Анын жеткилең, толук жетишерлик Сөзү экенине жана талашсыз кадыр-баркка ээ экенине ишенебиз.

Биз үч инсан (Ата, Уул жана Ыйык Рух) болуп ачылган жалгыз чыныгы, түбөлүктүү Кудайга ишенебиз.

Биз табияттан тышкары бойго бүтүү аркылуу чыныгы Адам болгон, жер бетинде эч күнөөсүз жашаган, Голгофадагы айкаш жыгачта өз өмүрүн адамдардын ордуна жана Кудайга жаккан курмандык катары берген, өлгөндөрдүн арасынан үчүнчү күнү тирилип, жаңы денеде асманга көтөрүлүп кеткен, азыр биздин Арачыбыз катары Кудайдын оң жагында отурган Кудай Ыйса Машайакка ишенебиз.

Биз адамдардын күнөөлөрүн ашкерелеген, чыныгы ишенимге үйрөткөн жана алардын жашоосунда жогорудан төрөлүүнү ишке ашырга Ыйык Рухка ишенебиз. Ал аларды Машайактын денесине кошуп, мөөр басып, ыйыктап, алардын ичинде жашап, аларды өзгөчө кызматка чакырат жана жөнөтөт.

Биз Кудайдын адамды өз бейнеси боюнча жаратканына, адам билип туруп Кудайга каршы күнөөгө батканына, бул аркылуу өзүн жана укум-тукумун денедеги жана рухий өлүмгө дуушар кылганына ишенебиз.

Биз адам өз күчү менен куткарыла албастыгына, бирок биздин күнөөлөрүбүз үчүн ырайым курмандыгы катары айкаш жыгачта өлгөн Ыйса Машайакка болгон ишеними аркылуу гана куткарыла аларына ишенебиз.

Биз библиялык жергиликтүү жыйын өз ара мамилелешүү, Кудай Сөзүн окуп-үйрөнүү, биргелешип сыйынуу жана Кудайга табынуу, ишенимде бекемделип, бири-бирине туруктуу жардам берүү үчүн тез-тезден чогулуп турарына ишенебиз.

Биз сууга чөмүлдүрүү ишеним аркылуу куткарылуунун символу экенине ишенебиз. Бул сууга толук чумкутуу аркылуу ишке ашат.

Биз Теңирдин Кечки Тамагы (нан сындыруу) Ыйса Машайактын куткаруучу курмандыгынын Анын тарткан азаптары менен өлүмү жана биздин кечирилгендигибиз тууралуу эскертип турган символу болуп эсептелерине ишенебиз.

Биз чыныгы ишенгендердин баары асманга көтөрүлөрүнө жана Ыйса Машайактын тактысынын алдында өздөрүнүн үмүтү жөнүндө жооп берерине, ошол жерде иштерине жараша сыйлык аларына ишенебиз.

Биз ишенбегендер түбөлүк каргышка каларына, ал жактан артка кайтууга жол жок экенине ишенебиз.