Кириш сөз
Биз Кудай тарабынан дайындалган ар бир кызматчы Кудай ишенип тапшырган үйүргө кам көрөрүнө ишенебиз. Багуучунун мойнуна үйүрдү сапаттуу рухий азык менен азыктандыруу боюнча олуттуу жоопкерчилик жүктөлгөн. Биз жыйындар менен бирге, жыйындар үчүн жана жыйындар аркылуу кызмат кылабыз, ошондуктан жыйын кызматчыларына жана жаштар лидерлерине Ыйык Китепти изилдөө үчүн сапаттуу материалдарды сунуштайбыз. Кызматчы үйүрдү бөтөн колдорго тапшырып койбой же «койчусуз адаштырып» таштпай койбой, ага жеке өзү кам көрүү менен аны бекемдейт.
Сапаттуу иштелип чыккан окуу курстары кызматкерге төмөнкүдөй жардам берет:
- Жыйын мүчөлөрүнө Кудайдын Сөзүн ар тараптуу үйрөтүүнү уюштуруу. Бул окутуу машаякчынын жашоосунун ар кандай чөйрөлөрүн камтыйт. Бул жалган окутуулардан коргойт жана Ыйык Жазууда бекемдейт.
- Сөздү иш жүзүндө колдонуyну көрсөтүү. Мунун максаты – жыйын мүчөлөрүнүн Ыйык Жазуунун чындыктарын жөн гана билип койбостон, ошол билимге ылайык жашоосу, ар кандай чындыктарды күнүмдүк турмушта так кантип колдонсо болорун түшүнүүсү.
- Жыйын мүчөлөрүн кызматка даярдоо. Бул алардын Теңирге жигердүү кызмат кылуусуна, ошондой эле алардын жакшы иштерди кылууга тырышкан, өзгөчө эл болуусуна жардам берет.
Платформа кызматчыга жана жыйынга кандай жардам берет? fa fa-long-arrow-right