Бардык курстардын тизмеси
Бул жерде биздин бардык курстарыбыз топтолгон. Бардык курстар китеп түрүндө түзүлгөн.
Ийгиликтүү Жакшы Кабар таратуунун принциптери
Жекече Жакшы Кабар айтуу – бул бардык ишенүүчүлөр аткара ала турган маанилүү машаякчылык кызмат. Машаякчылар Жакшы Кабар таратууга чакырылган! Бул жөнүндө көп айтылат, бирок иш жүзүндө сейрек аткарылат. Ал эми Жакшы Кабар айтып көрүп, бирок ийгиликсиздикке учураган адамдын көңүлү калып, бул кызматты таштап коёт. Бул курс сизди жекече Жакшы Кабар таратууга шыктандырат жана ага даярданууга жардам берет.
Ыйыктыкта жашоо
Ыйыктыкта жашоо – Ыйык Китептин эң татаал, бирок ошол эле учурда эң маанилүү темаларынын бири. Көп адамдар машаякчылык ыйыктыкка жетүү алар үчүн мүмкүн эмес деп ойлошот, бирок Теңирибиз машаякчыларды: «Ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын», – деп чакырган (1 Петир 1:16). Ыйыктыкта жашамайынча Теңирдин артынан ээрчүү мүмкүн эмес. Бул курс машаякчылык ыйыктыкта жашоонун негиздерин үйрөтөт.
Башталыш китеби
Башталыш китеби – ааламдын жана адамзаттын келип чыгышы жөнүндө Жаратуучунун Өз оозунан айтылган баян! Бул китепте сиз алгачкы күнөө жана анын бүткүл жаратылышка тийгизген кыйратуучу таасири тууралуу биле аласыз. Ошондой эле Кудайдын куткаруу планы жөнүндө алгачкы жолу сөз кылынат. Ыйык Жазуунун биринчи китебин изилдөө биз жашап жаткан дүйнө тууралуу эң негизги билимдерди берет.
Мисирден Чыгуу
Бул дүйнөгө келе турган Куткаруучу жөнүндөгү Кудайдын убадасынын аткарылышы тууралуу тема Байыркы Келишимде баштан-аяк созулат. Куткаруучу Ысрайыл эли аркылуу келиши керек болчу. Мисирден Чыгуу китебинин максаты дал ушул ысрайылдыктардын кантип эркин элге айланганын, Кудайдын мыйзамын, жыйын чатырынын түзүлүшү жана ыйык кызмат кылуучулук тууралуу көрсөтмөлөрдү кандайча алышканын көрсөтүү болуп саналат.
Ыйса Машаяктын өмүрү
Ыйса Машаяк – тарыхтагы эң таң калыштуу Инсан. Анын окутуусу миллиондогон адамдардын жашоосун өзгөрттү. Куткаруучунун өмүрүн ийне-жибине чейин изилдөө машаякчыны кубанычка жана жан аябастан кызмат кылууга шыктандырат. Эгерде сиз өзүңүздү Машаяктын жолдоочуларынын катарына кошпосоңуз, анда Анын өмүрү менен таанышуу сизди жашооңуздагы эң маанилүү чечимди кабыл алууга түрткү берет.
Жакан жазган Жакшы Кабар
Жакшы Кабардын жазылуу максаты мындай сөздөр менен билдирилет: «Булар болсо Ыйсанын Кудайдын Уулу, Машайак экенине ишенишиңер үчүн жана ишенип, Анын ысымы аркылуу өмүргө ээ болушуңар үчүн жазылды» (Жакан 20:31). Элчи Жакан бир эле учурда жакшы кабарды жайылтуу жана ишенимди коргоо максаттарын көздөп, Машаяктын өмүр баянын түзгөн. Бул курс муну даана көрүүгө жана түшүнүүгө жардам берет.