Ыйса Машаяктын өмүрү
Ыйса Машаяк – тарыхтагы эң таң калыштуу Инсан. Анын окутуусу миллиондогон адамдардын жашоосун өзгөрткөн. Куткаруучунун өмүрүн ийне-жибине чейин изилдөө машаякчыны кубанычка жана жан аябастан кызмат кылууга шыктандырат. Эгерде сиз өзүңүздү Машаяктын жолдоочуларынын катарына кошпосоңуз, анда Анын өмүрү менен таанышуу сизди жашооңуздагы эң маанилүү чечимди кабыл алууга түрткү берет.
Жакан жазган Жакшы Кабар
Жакшы Кабардын жазылуу максаты мындай сөздөр менен билдирилет: «Булар болсо Ыйсанын Кудайдын Уулу, Машайак экенине ишенишиңер үчүн жана ишенип, Анын ысымы аркылуу өмүргө ээ болушуңар үчүн жазылды» (Жакан 20:31). Элчи Жакан бир эле учурда жакшы кабарды жайылтуу жана ишенимди коргоо максаттарын көздөп, Машаяктын өмүр баянын түзгөн. Бул курс муну даана көрүүгө жана түшүнүүгө жардам берет.
Ыйык элчилердин иштери
Элчилердин иштери китеби иудаизмдин ордун малаякчылык ишеним баса баштаган мезгил тууралуу баяндайт. Ыйык Рух түшкөндөн кийин жыйын кеңири жайылып, Рим империясынын бардык чоң шаарларында машаякчылардын жамааттары пайда болгон. Бул китеп жыйындын өсүшү жана өөрчүшү жөнүндө баяндап, Жакшы Кабарлар менен каттарды өз ара логикалык жактан байланыштырып турат. Сиз бул китептен биринчи кылымдагы машаякчылардын кызуу жана жандуу жашоосунун атмосферасын сезе аласыз.
Жакыптын каты
Бул каттын өзгөчөлүгү – ишенүүчү адамдын күнүмдүк турушунда иш жүзүндө колдонула турган так жана түшүнүктүү насааттарды камтыгандыгында. Жакып сыноолордон өткөн жана иштер аркылуу далилденген «бекем ишеним» кантип байкаларын сүрөттөйт. Мындай ишенимдин туруктуулугу айтылган сөз менен жасалган иштин ортосундагы шайкештикте көрүнөт. Бул курс бекем ишенимдин маңызы эмнеде экенин жана ал күн сайын кантип көрүнөрүн түшүнүүгө жардам берет.
Петирдин каттары
Ыйык Китептин каармандарынын арасында Петир өзгөчө орунду ээлейт. Өзүнүн адамдык алсыздыктары жана сезимдери менен ал бизге абдан жакын. Машаяк асманга көтөрүлгөнгө чейин Петир туруксуздугун, кызуу кандуулугун, коркоктугун жана ыраатсыздыгын көрсөткөн. Бирок андан соң күтүүсүздөн ал кубаттуу, чечкиндүү, ишенимдүү, тайманбас жана эр жүрөк адамга айланган. Анын өзгөрүшүнө эмне себеп болгон? Бул курс сизди ушул улуу инсан жана анын каттары менен тааныштырат.
Римдиктерге жазылган кат
Римдиктерге жазылган кат бир эле убакта эң терең теологиялык эмгек жана машаякчылык жашоонун иш жүзүндөгү колдонмосу болуп саналат. Анда машаякчылык ишенимдин негиздери, куткарылуунун Кудайдын түпкү ой-максатынан баштап, ишенүүчүнүн күнүмдүк турмушуна тийгизген таасирине чейинки терең түшүндүрмөсү камтылган. Бул кат машаякчыга күнөөнү кантип жеңүүнү, ошондой эле жыйында жана коомдо өзүн кантип алып жүрүүнү үйрөтөт.
Корунттуктарга жазылган биринчи кат
Бул кат Жаңы Келишимдеги сотериологиялык (грекче soteria – куткарылуу) каттар (Римдиктерге, 1 жана 2-Корунттуктарга, Галатиялыктарга) деп аталган китептердин тобуна кирет, анткени аларда негизги көңүл куткарылуу жөнүндөгү окутууга бурулат. Ошентсе да, анда негизги басым алган билимди иш жүзүндө колдонууга жасалат. Бул курс сизге каттын доктриналык жана практикалык бөлүктөрүн түшүнүүгө жардам берет.
Галатиялыктарга жазылган кат
Дал ушул Галатиялыктарга жазылган катта ишеним аркылуу акталуу окутуусу кыска, так жана ишендирерлик кылып берилген. Бул кат өзүнүн маанилүүлүгү менен машаякчылык эркиндиктин улуу хартиясы (негизги мыйзамы) деп бекеринен аталган эмес. Бул кат Пабылдын Жакшы Кабарды эң кыска, эмоционалдуу жана чечкиндүү түрдө баяндоосу болуп саналат. Бул курс элчинин галатиялыктарды ишенимден четтөөнүн туңгуюгуна кулап кетүүдөн сактап калууга кандайча умтулганын көрсөтүп берет.
Эфестиктерге жазылган кат
Пабыл Римге чынжырланган абалда келген, бирок ал зынданды кафедрага (насаат айтуучу жайга) айлантып, дүйнөгө Жакшы Кабар таратууну андан ары уланткан. Камакта отурган мезгилинде ал Эфестиктерге, Колостуктарга, Филипиялыктарга жана Филимонго багытталган каттарды жазган. Бул төрт китеп – Жаңы Келишимдеги Машаякты даңазалаган улуу каттар болуп саналат. Сиз бул курстан Пабыл Эфестиктерге жазган катында эмнелерди үйрөткөнүн биле аласыз.
Тесалоникалыктарга жана Филипиялыктарга жазылган каттар
Өзүнүн экинчи миссионердик саякаты учурунда элчи Пабыл Тесалоника шаарына барып, ал жерде жыйын түптөгөн. Машаякка ишенбеген жүйүттөр элди дүрбөлөңгө салып, элчини шаардан чыгып кетүүгө мажбур кылышкан. Бирок Пабыл Тесалоникадагы жыйынга куткаруучу ишенимдин белгилери, Кудайга кызмат кылуунун принциптери жана Машаяктын келишин күтүүдөгү күнүмдүк жашоо тажрыйбасы тууралуу эки кат жазган.
Эврейлерге жазылган кат
Каттын автору төмөнкүдөй чындыктын бетин ачат: Машаяк – Байыркы Келишимдеги бардык убадалардын аткарылышы! Ал – Кудайдын жеткилең жана акыркы аяны, ошондуктан Машаяк иудаизмдеги эң мыкты деген нерселердин баарынан жогору турат. Бул кат Машаяктан баш тартуу күнөөсү тууралуу катуу эскертет жана бизди төмөнкүдөй сөздөр менен үндөйт: «Ишенимибиздин баштоочусу жана бүтүрүүчүсү болгон Ыйсаны карайлы» (Эврейлерге 12:2).
Аян китеби
Аян китеби – Ыйык Жазуудагы анда жазылгандарды изилдеп жана аткарган адамга бата убада кылынган жалгыз китеп. Кимде-ким бул китепке жеңил ойлуулук менен өзүнөн бир нерсе кошсо, Кудайдын каарынан качып кутула албайт. Бул курстан өтүүдө Кудайдын батасын сурап, сыйынуу менен бул китепти изилдеңиз.