Онлайн Ыйык Китеп мектебинин кызматына катышыңыз
Дүйнөдө онлайн-билим берүү барган сайын кеңири тарап, ага болгон суроо-талап өсүп жатат. Онлайн билим жеткиликтүү көрүнгөнү менен, ал олуттуу каражаттарды талап кылат жана чынында арзан болушу мүмкүн эмес. Толук кандуу окуу процессин уюштуруу жана алып баруу үчүн кымбат баалуу техникалык жана адамдык каражаттар талап кылынат.
Биз онлайн Ыйык Китеп мектебинин платформасында билим алуу каалоочулардын баары үчүн жеткиликтүү бойдон калышы үчүн колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз. Бирок окуу платформасын тейлөө жана өнүктүрүү төмөнкүдөй туруктуу каржылык салымдарды талап кылат: серверлерди ижарага алуу жана тейлөө, онлайн-коопсуздукту камсыздоо акысын, IT-адистердин, котормочулардын, методисттердин, юристтердин, редакторлордун жана корректорлордун эмгек акысын төлөө, ж.б.
Биздин туруктуу, ири демөөрчүлөрүбүз жок, бирок биз Ыйык Китепти акысыз изилдөө принцибин карманууну улантуудабыз. Чындыгында, биз үчүн ар бир ай — ишенимдин жана үмүттүн кадамы.
Достор, эгерде силер биздин билим берүү платформабызды колдонуп жатсаңар жана Ыйык Китепти изилдөө маанилүү жана зарыл деген ишенимибизди тең бөлүшсөңөр, бир жолку эле эмес, үзгүлтүксүз курмандык берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүңөрдү суранабыз. Өзүңөрдүн онлайн-банкыңарда ай сайын автоматтык түрдө акча жөнөтүү функциясын оңой эле жөнгө салып койсоңор болот.
Эгерде биздин кызматка колдоо көрсөтүүнү кааласаңыз, биз менен байланышыңыз: edu.bishkek@biblemissions.org.