Жакандын жакшы кабарын изилдөө боюнча окуу куралы
Курстун категориясы: Жаңы Келишимдин китептери.
Курстун көлөмү: 24 сабак жана 24 сынак.
Курстан өтүү мөөнөтү: 24 жума.
Курстун татаалдыгы: орто.
Жакан жазган Жакшы Кабар калган үч Жакшы Кабардан өзгөчөлөнүп турат. Элчи Жакан бул китепти акыл-эске толгон курагында жазган. Ал Машаяктын өмүрү менен окутуулары тууралуу жөн гана баяндап бербестен, алардын теологиялык маңызын да ачып берет. Ошондуктан ал өз эмгегинин максатын төмөнкү сөздөр менен так билдирген: "Булар болсо Ыйсанын Кудайдын Уулу, Машаяк экенине ишенишиңер үчүн жана ишенип, Анын ысымы аркылуу өмүргө ээ болушуңар үчүн жазылды" (Жакан 20:31).
Бул Жакшы Кабар Кудайга ишенбегендердин ишенимге келиши үчүн, ал эми ишенгендердин ишеним менен өмүр сүрүшү үчүн жазылган. Бул курс элчи Жакан Ыйса Машаяктын өмүр баяны жана Анын окутуулары тууралуу баяндоо аркылуу ушул улуу максаттарга кантип жеткенин байкаганга жардам берет.
Жаңы эле ишенимге келген машаякчыларга Ыйса Машаякка ишенүү деген эмнени билдирерин терең түшүнүүгө жардам берет. Жакан өзүнүн Жакшы Кабарында «ишеним» деген зат атооч сөздү такыр колдонбостон, «ишенүү» деген этишти пайдаланат. Бул ар бир көз ирмемде ишеним абалында болуу дегенди түшүндүрөт. Сиз күнүмдүк турмушта кантип туруктуу ишенимде болууну жана мындай абалда Кудай сизди колдоо үчүн кандай куралдарды колдонорун үйрөнөсүз.
Көп жылдык тажрыйбасы бар машаякчыларга куткарыла элек адамдар менен рухий маек куруунун иш жүзүндөгү ыкмаларын тереңирээк өздөштүрүүгө жардам берет. Ошондой эле ишеним бул – акыл менен сезимдин гана иши эмес, чечим кабыл алып, тандоо жасай турган эрктин да иши экенин көрсөтөт. Сиз өз жашооңузду Жакшы Кабардын чындыктарынын негизинде кайрадан талдап чыга аласыз.
Машаякчылыкка кызыккандарга бул курс адамды акыл менен гана ишенүү же диний жөрөлгөлөр эмес, жаңыдан төрөлүү чыныгы машаякчы кыларын так көрсөтөт. Сиз өзгөргөн жүрөк деген эмне экенин жана жогорудан кантип төрөлүү керектигин билесиз. Муну менен бирге, адамдардын ишенбегенинин айрым терең себептерин аныктайсыз.