Окуу процесси

Техникалык шарттар

Биздин мектебибизде окуу үчүн Сиз интернет аркылуу үзгүлтүксүз туташып турушуңуз керек. Ыкчам туташуу сөзсүз эле зарыл эмес, анткени сабактар китеп формасында түзүлгөн. Системалуу платформага киришүү үчүн видео-сабак берилген, ошондой эле айрым курстарда видеоматериал бар, аларды көрүү үчүн ыкчам туташуунун артыкчылыгы зор.

Административдик шарттар

Биздин Библиялык Сырттан окуу мектебибизде Библияны окуп-үйрөнүүнү каалаган ар бир адам: Жыйындардын кызматчылары, жаштар жетекчилери, “тажрыйбалуу” машайакчылар же Кудайга жаңы кайрылгандар, ошондой эле Кудайды издеген адамдар окуй алышат. Окууну каалаган ар бир адам сайтка, андан соң окугусу келген ар бир курска катталышы керек. Каттоо барагында бош орундар коюлган, аларды сөзсүз толтуруу керек, алар “кызыл жылдызча” - * менен көрсөтүлгөн.

Биздин сайтта катталуу аркылуу Сиз биздин материалыбызды жеке өзүңүз гана колдонууга макулдук берген болосуз. Автордук укуктар бузулган учурда административдик, кылмыш жана граждандык жоопкерчиликке тартуу чаралары көрүлгөн. Библиялык миссияга Библиялык курстарды колдонуу укугу Муди атындагы Библиялык институт (MoodyBibleInstitute, USA) тарабынан берилген.