Окуу процесси

Экзамендерди аткаруу

Ар бир сабакта, текст түрүндө берилген материалдан кийин экзамен орун алган, аларды аткаруу керек.

Маанилүү нерсе! Сабактын материалын жакшы билериңизге жана бардык суроолорго жооп бере аларыңызга көзүңүз жеткенден кийин гана экзаменге киришиңиз. Экзаменди аткаруу учурунда окуу материалын карабашыңыз керек.

Экзамендин бардык тапшырмаларын аткаргандан кийин, «Баарын жөнөтүү жана тестти бүтүрүү» дегенди басыңыз. Ушундан кийин экрандын бетине экзамениңиздин жыйынтыгы чыгат. Эгерде экзаменде "Эссе" деген тапшырма бар болсо, анын баасын инструктор сиздин жообуңузга баа койгондон кийин биле аласыз.

Экзамен бир нече бөлүктөн турушу мүмкүн:
Биринчи бөлүктө ырастоолор камтылган, аларга макул экениңизди же макул эмес экениңизди көрсөтүлгөн менюдагы “туура” же “туура эмес” деген сөз менен билдиресиз.
Экинчи бөлүк бир же бир нече жоопту болжолдогон суроолордон турат, ал жоопторду сунуш кылынган тизменин ичинен тандап алуу керек.

Yчүнчү бөлүктө дал келишүүнү текшерүү боюнча суроолор камтылган, андан эки колонканын ортосундагы дал келишүүнү табуу зарыл (мисалы, текстке карата Ыйык Жазуудан аят тандоо).

Төртүнчү бөлүктө бош орундары бар текст камтылган, ал бош орундарга менюдан тиешелүү сөздү же фразаны коюу керек.

Бешинчи бөлүктө чыгармачыл тапшырма (эссе) камтылышы мүмкүн, ал жерде сиз өз алдыңызча бир нече сүйлөмдөн турган кыска жооп жазышыңыз керек болот.

Бардык тапшырмаларды аткарып, экзаменди жөнөтөрүңүз менен, анын жыйынтыгын дароо эле көрө аласыз, анткени эсседен башка бардык тапшырмаларга бааны компьютер өзү коёт. Эссеңиздин баасын жана ага карата комментарийди кийинчерээк, инструкторуңуз аны окуп, баалагандан кийин көрө аласыз.