Мисирден чыгуу
©Amanda Rynes / sxc.hu
Байыркы Келишимдин китептери.
Курстун көлөмү: 12 сабак жана 12 сынак.
Курстан өтүү мөөнөтү: 12 жума.
Курстун татаалдыгы: орто.
Байыркы Келишим Ысрайыл эли аркылуу жер жүзүнө келе турган Куткаруучу жөнүндөгү Кудайдын убадасы кантип ишке ашканын ырааттуу түрдө баяндайт. Бирок ысрайылдыктар кантип дал ушундай эркин, көз карандысыз, өзүнчө жашоо тартиби жана мыйзамдары бар элге айланган? Ысрайыл өзүн курчап турган бардык элдерден өзгөчөлөнүп, түздөн-түз Кудайдын башкаруусу астында жашаган. Эврейлер жашоонун бардык эреже-көрсөтмөлөрүн: Кудайдын мыйзамын, жыйын чатырынын түзүлүшү жана ыйык кызмат кылуучулук тууралуу көрсөтмөлөрдү, сот системасын, үй-бүлө жана мамлекеттин негиздерин Теңирдин Өзүнөн алышкан. Мисирден Чыгуу китеби мунун баары кантип ишке ашканын көрсөтүп берет.
Курс Ысрайыл элинин тарыхынын башталышы жана Кудайдын Мыйзамы тууралуу билим берет. Ошондой эле Кудайдын мүнөзүн, кудуреттүүлүгүн жана Анын эркине эч кандай күч: ал кездеги эң кубаттуу Мисир мамлекети, эң улуу адамдар табынган буркандар, табияттын күчтөрү, физикалык мыйзамдар, сыйкырчылардын ар кандай амалдары да туруштук бере албаганын көрсөтөт. Ушул жаратылган дүйнөнүн бардык күчтөрүнүн үстүнөн бийлик жүргүзгөн жалгыз гана Чыныгы Өкүмдар жана Кудай бар экенин даана көрөсүз. Кудай Өзүнүн пландарын жана адилеттүү сотторун дайыма өзгөрүлбөгөн бойдон ишке ашырат.
Жаңы эле ишенимге келген машаякчыларга жашоонун бардык тармактарындагы Кудайдын мыйзамдары жана принциптери менен таанышууга, эврейлердин тарыхын тереңирээк түшүнүүгө көмөктөшөт. Курс бүгүнкү күндөгү машаякчылар үчүн түшүнүүгө татаал болгон түшүнүктөрдү чечмелеп берет: жыйын чатырынын түзүлүшү, ыйык кызмат кылуу системасы жана анын Кудайдын күнөөдөн куткаруу планы менен болгон байланышы, Пасах майрамынын мааниси жана анын Куткаруучу менен болгон байланышы. Кудайдын кудуреттүүлүгү жөнүндө ой жүгүртүү жүрөгүңүздү кубанычка бөлөйт, анткени бул Улуу Кудай – сизди сүйгөн Атаңыз!
Көп жылдык тажрыйбасы бар машаякчыларга Ысрайыл элинин үлгүсүнүн негизинде Кудай менен болгон жеке мамиледе турмуштук маанилүү сабактарды алууга жардам берет. Адамга берген убадаларын дайыма аткарган Кудайдын убадага бектигин тереңирээк түшүнө аласыз. Ошондой эле машаякчы тараптан, тагыраак айтканда, жеке өзүңүз тараптан Кудайга жооп катары болгон ишенимдүүлүгүңүз тууралуу ой жүгүрткөнгө мүмкүнчүлүк аласыз.
Машаякчылыкка кызыккандарга курс Кудайдын чыныгы мүнөзүн көрсөтөт: Ал абдан кайрымдуу жана чыдамкай, бул Анын чөлдөгү эврейлерге болгон мамилесинен көрүнөт; ошол эле учурда Ал адилеттүү жана бет карамалык кылбаган Кудай, бул Анын мисирликтердин жана күнөө кетирген эврейлердин үстүнөн жүргүзгөн сотторунан даана көрүнөт. Бул билим жүрөктү Кудайдан коркуу сезимине бөлөйт жана ишенбөөчүлүк менен тил албастыкта өткөн жашоо үчүн боло турган адилеттүү жазадан куткарылууга канчалык муктаж экенибизди түшүнүүгө жардам берет.
Ыйык жашоо
© abcdz2000 / sxc.hu
Курстун категориясы: күнүмдүк турмуштагы машаякчылык.
Курстун көлөмү: 6 сабак жана 6 сынак.
Курстан өтүү мөөнөтү: 6 жума.
Курстун татаалдыгы: башталгыч.
Ыйыктыкта жашоо – Ыйык Китептин эң татаал, бирок ошол эле учурда эң маанилүү темаларынын бири. Көп адамдар машаякчылык ыйыктыкка жетүү алар үчүн мүмкүн эмес деп ойлошот, бирок Теңирибиз машаякчыларды: "Ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын", – деп чакырган (1 Петир 1:16). Ыйыктыкта жашамайынча Теңирдин артынан ээрчүү мүмкүн эмес. Бул курс машаякчылык ыйыктыкта жашоонун негиздерин үйрөтөт.
Курс машаякчынын күнүмдүк турмушуна олуттуу таасир тийгизе турган төмөнкүдөй суроолорго жооп берет: Ыйыктыкта жашоо деген эмне? Бул ар бир ишенүүчү жете алган нерсеби же саналуу гана машаякчылардын энчисиби? Рухий өсүүгө эмне тоскоолдук кылат, жашоодо жана кызматта канткенде баталардын толуктугуна ээ болуп, кызмат кылууга болот?
Жаңы эле ишенимге келген машаякчыларга ыйыктыкка умтулуудан көңүл калган учурда эмне кылуу керектигин жана күнөөдөн тазалануунун сыры эмнеде экенин билүүгө көмөктөшөт. Курс машаякчы эмне себептен жаңы жашоосунан канааттануу албай жатканынын себептерин түшүндүрүп берет.
Көп жылдык тажрыйбасы бар машаякчыларга күнөөгө, азгырыктарга каршы күрөшүүдө жана туура жолдон чыкпаганга умтулууда туруктуу болуунун күчүн түшүнүүгө жардам берет. Сиз ыйык жашоо кантип ички тынчтыкты, бейпилдикти жана кубанычты алып келерин тереңирээк түшүнүп каласыз. Ошондой эле жемиштүү машаякчылык жашоо үчүн Ыйык Рухтун толуктугуна кантип ээ боло аларыңызды көрөсүз.
Машаякчылыкка кызыккандарга курс машаякчылык бул – дин эмес, жаңы ойлор, сезимдер жана иш-аракеттер менен коштолгон чыныгы жаңы жашоо экенин көрсөтүп берет. Адамды мындай жашоого жыйын эрежелерин аткаруу эмес, Кудайдын кудуреттүү күчү алып келет.
Ийгиликтүү Жакшы Кабар таратуунун принциптери
© auroqueiro / sxc.hu
Курстун категориясы: күнүмдүк турмуштагы машаякчылык.
Курстун көлөмү: 9 сабак жана 9 сынак.
Курстан өтүү мөөнөтү: 9 жума.
Курстун татаалдыгы: башталгыч.
Курста Жакшы Кабар таратуунун иш жүзүндөгү тажрыйбасы каралат. Автор бардык Жакшы Кабар таратуучуларга Кудайдын жана алар куткарууну каалап жаткан адамдардын алдындагы өздөрүнүн улуу жана салтанаттуу жоопкерчилигин сезүүгө көмөктөшөт. Ошондой эле Кудайдын дүйнөнү куткаруу планын ишке ашырууда Жакшы Кабар таратуучулар дайыма керек экендиги тууралуу кубанычтуу сырды ачып берет. Эгерде машаякчы кызматкерлер Жакшы Кабар таратуунун максатына жете алышса, анда Кудай даңазаланып, улуулугу көрүнөт.
Курс негизги максаты жандарды куткаруу болгон Теңирибиз Ыйса Машаяктын иш жүзүндөгү үлгүсүн көрсөтөт. Ошондой эле, төмөнкүдөй суроолорго жооп берет: Бүгүнкү күндүн Жакшы Кабар таратуучусу кандай болушу керек? Ал кандай азгырыктарга туш болот жана эмнелерди үйрөнүшү зарыл? Ыйык Рухтун күчү менен жана Кудайдын жетекчилиги астында кантип Жакшы Кабар айтуу керек?
Жаңы эле ишенимге келген машаякчыларга алардын Жакшы Кабар таратууга умтулуусу канчалык деңгээлде нукура экенин түшүнүүгө жардам берет. Бул жөн гана убактылуу сезимби же жүрөгүңүздүн туруктуу эңсөөсүбү? Жандардын куткарылышы сыяктуу чыныгы жыйынтыкка алып келе турган Жакшы Кабар айтууга болгон чыныгы умтулуу кандай болушу керектигин көрсөтөт.
Көп жылдык тажрыйбасы бар машаякчыларга Жакшы Кабар таратууда Кудайдын ыкмаларын өздөрүнүн жеке ыкмаларынан айырмалай билүүгө, алдына туура максат коюуга, азгырыктарды байкоого жана Жакшы Кабар таратуучунун эмгегинин мөөнөттөрүн түшүнүүгө жардам берет. Сиз Жакшы Кабар таратуу тууралуу өз түшүнүгүңүздү ыйык китептик көз караш менен салыштырып көрө аласыз.
Машаякчылыкка кызыккандарга бул курс машаякчылардын өз ишеними тууралуу айтып берүүсү жөн гана бош убактагы маек эмес, абдан олуттуу жана терең маанилүү эмгек экенин көрсөтүп берет.
Ыйса Машаяктын өмүрү
© bibleplaces.com
Курстун категориясы: Жаңы Келишимдин китептери.
Курстун көлөмү: 12 сабак жана 12 тест.
Курстан өтүү мөөнөтү: 12 жума.
Курстун татаалдыгы: орто.
Курс Ыйса Машаяктын өмүрүнө жана кызматына сереп салып, Анын өмүрүндөгү даярдык, Жүйүт жериндеги, Галилеядагы жана Переядагы мезгилдерин камтыйт. Азап жумасы тууралуу кеңири баяндайт, ошондой эле ошол кездеги окуялардын маданий-тарыхый контекстин карап чыгат. Курсту жаңы эле ишенимге келген машаякчылар, көп жылдык тажрыйбасы бар ишенүүчүлөр жана машаякчылык ишеним тууралуу окутууга кызыгып гана жүргөндөр окуса болот.
Курс Ыйса Машаяктын өмүрүн жана ишмердүүлүгүн хронологиялык ырааттуулук менен изилдөөгө, ошол доордун тарыхый жана маданий контексти менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Бул Машаяктын окутуусунун негизги багыттарын жана Анын дүйнөгө келишинин маанисин тереңирээк түшүнүүгө жардам берет.
Жаңы эле ишенимге келген машаякчыларга төрт Жакшы Кабардын баарын бир бүтүн нерсе катары изилдөөгө, Ыйса Машаяктын өмүрүндөгү окуялардын хронологиялык ырааттуулугун көрүүгө жана алардын чыныгы маанисин түшүнүүгө жардам берет.
Көп жылдык тажрыйбасы бар машаякчыларга Ыйса Машаяк жашаган доордун тарыхый жана маданий контексти тууралуу көбүрөөк билүүгө жана Машаяктын бул дүйнөгө келишинин маанисин дагы да терең түшүнүүгө жардам берет.
Машаякчылыкка кызыккандарды курс Өзүнүн өмүрү жана окутуусу менен элдердин тарыхын, цивилизациянын өнүгүшүн, маданият менен дүйнө таанымды гана эмес, адамдардын тагдырын, жашоосун жана жан дүйнөсүн өзгөрткөн эң Улуу Инсан менен тааныштырат.
Башталыш
© Uschi Dreiucker / pixelio.de
Курстун категориясы: Байыркы Келишимдин китептери.
Курстун көлөмү: 24 сабак жана 24 тест.
Курстан өтүү мөөнөтү: 24 жума.
Курстун татаалдыгы: орто.
Бул курстан сиз бардык нерсенин башталышы жөнүндө баяндаган Ыйык Жазуунун эң алгачкы китеби жөнүндө жалпы түшүнүк ала аласыз. Кудайдын дүйнөнү жаратуусу жана Анын бейнеси боюнча жаратылган адам баласы тууралуу билип каласыз. Башталыш китеби күнөөгө батуу кырсыгы, анын кесепеттери жана бардык адамзатка болгон олуттуу эскертүү жөнүндө айтып берет. Курс бул китептеги негизги окуяларга жана төмөнкү каармандардын өмүрүнө сереп салат: Кабыл менен Абыл, Нух, Ыбрайым, Ыскак, Жакып жана Жусуп. Ошондой эле, бул тарыхый окуялардын машаякчынын күнүмдүк жашоосундагы иш жүзүндөгү мааниси тууралуу баяндайт.
Жашоонун башталышын жана жаратуу учурунда Кудай тарабынан негизделген мыйзамдарды билбей туруп, жашоону таанып-билүү жана түшүнүү мүмкүн эмес. Башталыш китеби ар бир адамды ойлондурган негизги суроолорго жооп берет: Мен киммин? Баары кайдан пайда болгон? Жашоонун мааниси эмнеде? Эмне үчүн жамандык бар?
Башталыш китебин изилдөө адамдын табиятын жана ага байланыштуу негизги маселелерди: тандоо эркиндигин, жоопкерчиликти жана кабыл алынган чечимдердин кесепеттерин терең түшүнүүгө жардам берет. Мындан сырткары, Башталыш китеби Кудайдын элинин, бардык машаякчылардын баянынын да башталышы болуп саналат.
Жаңы эле ишенимге келген машаякчыларга өздөрү кошулган Кудайдын чоң үй-бүлөсүнүн тарыхын билүүгө жана бул тарыхтан күнүмдүк турмуш үчүн пайдалуу сабактарды алууга жардам берет.
Көп жылдык тажрыйбасы бар машаякчыларга жашоодо ишеним жолунда жүрүүнүн жана Теңирдин артынан ээрчүүнүн маанисин тереңирээк түшүнүүгө, ошондой эле ыйык китептик баатырлардын тажрыйбасын өз турмушунда колдонууга жардам берет.
Машаякчылыкка кызыккандарга жер жүзүндө өмүрдүн пайда болушу тууралуу чындыкты ачып берет. Дүйнөнүн физикалык жана рухий мыйзамдары, жакшылык менен жамандык кайдан келип чыкканын жана эмне үчүн дал ушундай болгонун түшүнүүгө жардам берет.
Жакандын жакшы кабарын изилдөө боюнча окуу куралы
Курстун категориясы: Жаңы Келишимдин китептери.
Курстун көлөмү: 24 сабак жана 24 сынак.
Курстан өтүү мөөнөтү: 24 жума.
Курстун татаалдыгы: орто.
Жакан жазган Жакшы Кабар калган үч Жакшы Кабардан өзгөчөлөнүп турат. Элчи Жакан бул китепти акыл-эске толгон курагында жазган. Ал Машаяктын өмүрү менен окутуулары тууралуу жөн гана баяндап бербестен, алардын теологиялык маңызын да ачып берет. Ошондуктан ал өз эмгегинин максатын төмөнкү сөздөр менен так билдирген: "Булар болсо Ыйсанын Кудайдын Уулу, Машаяк экенине ишенишиңер үчүн жана ишенип, Анын ысымы аркылуу өмүргө ээ болушуңар үчүн жазылды" (Жакан 20:31).
Бул Жакшы Кабар Кудайга ишенбегендердин ишенимге келиши үчүн, ал эми ишенгендердин ишеним менен өмүр сүрүшү үчүн жазылган. Бул курс элчи Жакан Ыйса Машаяктын өмүр баяны жана Анын окутуулары тууралуу баяндоо аркылуу ушул улуу максаттарга кантип жеткенин байкаганга жардам берет.
Жаңы эле ишенимге келген машаякчыларга Ыйса Машаякка ишенүү деген эмнени билдирерин терең түшүнүүгө жардам берет. Жакан өзүнүн Жакшы Кабарында «ишеним» деген зат атооч сөздү такыр колдонбостон, «ишенүү» деген этишти пайдаланат. Бул ар бир көз ирмемде ишеним абалында болуу дегенди түшүндүрөт. Сиз күнүмдүк турмушта кантип туруктуу ишенимде болууну жана мындай абалда Кудай сизди колдоо үчүн кандай куралдарды колдонорун үйрөнөсүз.
Көп жылдык тажрыйбасы бар машаякчыларга куткарыла элек адамдар менен рухий маек куруунун иш жүзүндөгү ыкмаларын тереңирээк өздөштүрүүгө жардам берет. Ошондой эле ишеним бул – акыл менен сезимдин гана иши эмес, чечим кабыл алып, тандоо жасай турган эрктин да иши экенин көрсөтөт. Сиз өз жашооңузду Жакшы Кабардын чындыктарынын негизинде кайрадан талдап чыга аласыз.
Машаякчылыкка кызыккандарга бул курс адамды акыл менен гана ишенүү же диний жөрөлгөлөр эмес, жаңыдан төрөлүү чыныгы машаякчы кыларын так көрсөтөт. Сиз өзгөргөн жүрөк деген эмне экенин жана жогорудан кантип төрөлүү керектигин билесиз. Муну менен бирге, адамдардын ишенбегенинин айрым терең себептерин аныктайсыз.