Мисирден чыгуу китебинин өзгөчө максаты ысрайылдыктардын кулчулуктан кутулуп, Кудайдын мыйзамы, табынуу жана ыйык кызмат кылынуучу жер болгон жыйын чатыры аркылуу кантип эл болуп түзүлгөндүгүн көрсөтүү болуп эсептелет.

Ыйык жашоо Библиядагы татаал, ошол эле учурда маанилүү темалардын бири. Көп адамдар машайакчылык ыйыктыкка ээ болуу мүмкүн эмес деп эсептешет. Бирок Теңир баары үчүн: «Ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын», – деп айткан (1 Пет. 1,16). Кудайга жаккыбыз келсе, ыйыктыкка умтулушубуз керек. Бул курстун максаты – сизге машайакчылык жашоонун негиздерин үйрөтүү.

Жакшы Кабарды жекече таратуу – бардык ишенгендер кыла ала турган кызматтардын бир формасы, бул кызматка баары чакырылган. Бул тууралуу көп сөз болгону менен, иш жүзүндө аз колдонулат. Жакшы Кабар айтам деген милдетти алып. Бирок жолу болбой, көңүлү калгандар кийин муну таштап коюшкан. Бул курста кызматтын маанилєєлєгє баса белгиленип, ага карата зарыл даярдыктан љткљрљт.

Ыйса Машайак – тарыхтагы эң таң каларлык Инсан. Анын окутуусу миллиондогон адамдардын жашоосун өзгөрткөн. Эгерде сиз машайакчы болсоңуз, Куткаруучунун жашоосун мындай окуп-үйрөнүү сизди Ага берилгендик менен кызмат кылууга шыктандырат. Эгерде Машайактын жолун жолдоочулардын катарында болбосоңуз, Анын жашоосу менен таанышуу сизди олуттуу чечим чыгарууга түртүшү мүмкүн.

Башталыш китеби – аалам менен адамдын жаралуусу, алгачкы жолу күнөөгө батуу жана анын дүйнө жүзүнө тийгизген залакасы жөнүндөгү эң сонун баян. Кудайдын куткаруу планы жөнүндө эң биринчи ушул китепте айтылган. Китептин автору, Муса, жалгыз Кудайга – ааламдын Жаратуучусуна ишенүүнү жар салган. Кудайдын бар экендиги Библияда далилди талап кылбаган факт катары кабыл алынат. Анын бардык иш-аракети ыйык жана адилеттүү, ошону менен катар эле түзгөн келишимине бекем турат жана күнөөкөр адамга ырайымдуу. Библиянын биринчи китебин окуп-үйрөнүү сизге мол рухий баталарды алып келип, шыктандырып, Кудай алдындагы жашооңузга дем бере алат.

Жакан жазган Жакшы Кабардын жазылыш максаты төмөнкү сөздөрдө абдан таамай чагылдырылган: "Булар болсо Ыйсанын Кудайдын Уулу, Машайак экенине ишенишиңер үчүн жана ишенип, Анын ысымы аркылуу өмүргө ээ болушуңар үчүн жазылды " (Жкн. 20:31). Ушундан улам элчи Жакан Машайактын өмүр таржымалын жазууда бир эле учурда жакшы кабардык жана апологеттик максаттарды көздөгөндүгүн көрүп турабыз.