• Библиялык миссиянын платформасына кош келиңиз!

      Онлайн Библиялык мектеп

       

      Бул жерден сиздер Библияны изилдөө боюнча 20дан ашык онлайн курсту таба аласыздар. Бул китепте Кудай адамдарга Өзү, адам жана биз жашаган дүйнө жөнүндө өзгөчө аян берген. Биз сиздерге Кудайды жана Анын Сөзүн таанып-билүүгө жардам беребиз.



       Биздин курстар төмөнкүдөй адамдар үчүн пайдалуу:

    • КУДАЙДЫ ИЗДЕП ЖҮРГӨНДӨР
      Курстар машаякчылык ишеним тууралуу окутуунун жана анын иш жүзүндөгү колдонулушунун негизги темаларын изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Кудай – Тирүү Зат, ал эми Аны менен таанышуу – адамдын жашоосундагы эң маанилүү окуя!

      ЖАҢЫ ИШЕНГЕНДЕР
      Курстар рухий сапарды туура баштоого жана ишенимдин пайдубалын бекем түптөөгө: Ыйык Жазуунун негиздерин жана Кудайдын Сөзүн жашоодо колдонуу тажрыйбасын, рухий жактан өсүп-өнүгүү жана кызмат кылууда жемиш берүүнү үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

      "ТАЖРЫЙБАЛУУ" МАШАЯКЧЫЛАР
      Курсттар айрым конкреттүү темалар боюнча билимди тереңдетүүгө, Ыйык Китептеги чындыктарды түшүнүүдөгү кээ бир өксүктөрдүн ордун толтурууга, Ыйык Китеп боюнча ар тараптуу билимдерди системалаштырууга жана кызмат кылуунун натыйжалуулугун арттырууга жардам берет.

       БАГУУЧУЛАР ЖАНА ТОПТОРДУН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ
      Курстар жыйын мүчөлөрү үчүн доктриналык жактан такталган, ар тараптуу жана ырааттуу окутууну уюштурууга көмөктөшөт. Бул багуучунун убактысын, күчүн жана башка каражаттарын үнөмдөйт. Кененирээк маалыматты «Лидерлер үчүн» деген баракчадан таба аласыз.

    • Бизге кошулуңуздар!

      Биздин платформада билим алуу:

      Бул окуу программасы жаштарга да, улууларга да, бир орунда турбагандарга да, кыймылы чектелгендерге да, тыгыз иш тартибинде иштегендерге да, бала баккан энелерге же пенсионерлерге да бирдей жеткиликтүү. Интернет-платформанын жардамы менен өзүңүзгө ыңгайлуу жерде, ыңгайлуу ылдамдыкта жана жөнөкөй форматта окуңуз.
      Курстар жогорку квалификациялуу окутуучулар жана методисттер тарабынан түзүлгөн. Сиз теориялык маалыматты оңой эле өздөштүрүп, анын иш жүзүндө колдонулушун абдан жакшы түшүнө аласыз.
      Курстар Ыйык Китептин бекем пайдубалына негизделген. Кудайга жагымдуу жемиш берүү үчүн бир гана Кудайдын Сөзү негиз боло алат. Сиз бул окутуунун тазалыгына жана анын натыйжалуулугуна толук ишене аласыз. Курстардын доктриналык негизи менен «Биз ишенеби» деген баракчадан таанышсаңыз болот.
      Сиз толугу менен акысыз окуй аласыз! Биз Ыйык Китепти изилдөө ар бир каалоочу үчүн жеткиликтүү болушу үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Бирок, албетте, онлайн Ыйык Китеп мектебин тейлөө чоң каржылык чыгымдарды талап кылат. Биз менен бирге бул кызматка катышыңыз! Кененирээк билүү...

    •  

       

      Биздин платформада кантип окуй аласыз?

      lnr lnr-enter

      1. Платформа менен таанышып чыгыңыз

      Башкы баракчабызда берилген маалыматты окуп чыгыңыз.

      2. Катталыңыз жана кириңиз

      Катталыңыз Катталыңыз жана өз логин жана сырсөзүңүз менен кириңиз.

      lnr lnr-select

      3. Тандаган курсуңузга жазылыңыз

      Окуу тилин тандап, курска жазылып, окууну баштаңыз!

      lnr lnr-thumbs-up

      4. Биздин мобилдик тиркемебизди жүктөп алыңыз.

      Биздин мобилдик тиркемебизди жүктөп алыңыз. Өз телефонуңузда тиркемелер дүкөнүнөн биздин деген тиркемебезди таап, жүктөп, каалаган жериңизде билим алыңыз!

       

    • Башка суроолоруңуз барбы?

      Көп берилген суроолордун жоопторун окуңуз

      Окуу процесси онлайн форматта жүрөт (интернет байланыш болушу шарт). Каалаган гаджет колдонсоңуз болот: смартфон, планшет, компьютер. Качан жана кайсыл жерде сабак окууну өзүңүз пландаштырасыз. Окуу процесси тууралуу кененирээк маалыматты «Окуу процесси кандай жүрөт?» деген баракчабыздан окусаңыз болот.

      1. Сайтта катталыңыз.
      2. Профилди толтуруңуз.
      3. Окуу процесси кандай жүрөрүн, сизге эмне керектигин жана окуу канча убакытты аларын билүү үчүн «Окуу процесси кандай жүрөт?»деген баракчабызды караңыз.
      4. «Курстар» деген баракчадан курс тандаңыз. Курска жазылыңыз жана окууну баштаңыз!

      Библиялык миссиянын окуу платформасы — жыйынды бекемдөөдө жана курууда багуучунун жана лидердин натыйжалуу жардамчысы.

      Жыйынды Кудайдын Сөзү менен куруп, бекемдөө, Теңирге биргелешип кызмат кылуу жана жыйын мүчөлөрүнүн «Машаяктын... деңгээлине» чейин өсүп жетилиши – бул багуучулардын, шакирт даярдоочулардын жана мугалимдердин башкы милдети. Библиялык миссия сиздин жыйыныңыздын муктаждыктарына ылайык окутууну уюштуруу үчүн ыңгайлуу жана таасирдүү куралдарды сунуштайт. Сиз төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөргө ээ болосуз:

      • Жаштар лидерине Ыйык Китепти сапаттуу жана турмушка багытталган деңгээлде изилдөөнү уюштурууга жардам бере аласыз;
      • Өзүңүз тез-тез барууга мүмкүнчүлүгүңүз болбой жаткан коңшу шаардагы жыйынды да аралыктан окута аласыз;
      • Мурун убакыт менен каражаттардын жетишсиздигинен улам мүмкүн болбогон ар кыл темаларды камтып, жыйынга «Кудайдын эркин толугу менен» системалуу түрдө окута аласыз;
      • Жыйын мүчөлөрүнө жекшемби күндөрү эле эмес, апта ичинде да билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп бересиз;
      • Ден-соолугуна байланыштуу жыйын чогулуштарына келе албай, үйдө отуруп калган алсыз бир туугандарды окута аласыз;
      • Жыйында бир эле убакта ар кандай деңгээлдеги окутууларды уюштура аласыз.

      1. Жыйын тобунун лидери үчүн түзүлгөн «Лидер үчүн колдонмону» окуп чыгыңыз;
      2. Курсту тандаңыз жана андан өзүңүз өтүңүз;
      3. Көрсөтмөлөргө ылайык топ түзүп, окууну баштаңыз!

    •  

      Окуу тилин тандаңыз:

      РУССКИЙ

      Перейти...

      УКРАЇНСЬКА

      Перейти...

      ROMÂNĂ

      Merge...

      DEUTSCH

      Gehen...

      тоҷикӣ́

      Рафтан...

      кыргызча

      Кет...

      turkmen

      Gitmek...

      қазақша

      өту...

      o'zbekcha

      Ket...